Лекциялык план Тема №7: Шайлоо укугунун негиздери. (2саат) Түзгөн окутуучу: Абдиманап кызы Н. Ош 2020



Download 97,05 Kb.
bet1/5
Sana24.02.2022
Hajmi97,05 Kb.
#192908
TuriЛекция
  1   2   3   4   5
Bog'liq
лекция 7



Кыргыз Республикасынын
Билим берүү жана илим министрлиги
Б.Сыдыков атындагы
Кыргыз-Өзбек Эл-аралык университети
«Мамлекеттик укуктук сабактар» кафедрасы



«Укук таануу» сабагы боюнча лекциялык план
Тема №7: Шайлоо укугунун негиздери. (2саат)

Түзгөн окутуучу: Абдиманап кызы Н.
Ош 2020

Тема №7. Шайлоо укугунун негиздери. (2саат)
План:
1.Шайлоо укугунун түшүнүгү жана максаттары.
2.Жарандардын шайлоо укугу.
3.Шайлоочуларды каттоо
4.Кыргыз Республикасында шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүү тартиби.


1.ШАЙЛОО УКУГУНУН ТҮШҮНҮГҮ ЖАНА МАКСАТТАРЫ.
Шайлоо укугу – эки негизги мааниге ээ юридикалык түшүнүк.

  1. объективдүү шайлоо укугу – конституциялык укуктун тармагы. Ал Кыргыз Республикасында шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүү менен байланышкан коомдук мамилелерди жөнгө салган укуктук ченемдердин көптүгү.

  2. субъективдүү шайлоо укугу – мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына мамлекеттин жарандарынын шайлоо жана шайлануу укугу.

Шайлоо укугунун предмети – мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына шайлоололрду уюштуруу жана өткөрүү менен байланышкан коомдук мамилелер.
Шайлоо укугунун усулу – укуктук жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрүнүн көптүгү.

  • Тараптардын алдын ала императивдүү түрдө бекитилген укуктары жана милдеттери;

  • Айкын убакытта укуктук мамилелердин сөзсүз түрдө келип чыгышы;

  • Аларга тиешелүү субъективдүү укуктарды шайлоо-укуктук мамилелердин кээ бир субъекттери тарабынан эркин жана ыктыярдуу түрдө жүзөгө ашыруу;

  • Атайын санкцияларды колдонуу.

Шайлоо укугунун булактары – шайлоону өткөрүүнүн тартибин аныктаган конституциялык –укуктук ченемдерди камтыган ченемдик актылар кирет.

  1. КР Конституциясы

  2. «КРнын референдуму жөнүндө” КР мыйзамы

  3. КРнын президентинин жана ЖКнын депутаттарын шайлоо жөнүндө КР мыйзамы

  4. Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө КР мыйзамы

  5. Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө КР мыйзамы

  6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө КР мыйзамы

  7. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө КР мыйзамы

  8. Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары

  9. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдору

  10. Шайлоо комиссияларынын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын актылары

  11. Эл аралык укуктун жалпы таанылган башаттары жана ченемдери, КРнын эл аралык келишимдери.

Эл аралык укуктук мүнөздөгү шайлоо укугунун булактарына , саясий укуктардын бири катары шайлоо укугун бекемдеген, адамдын жана жарандын укуктары жөнүндө актылар кирет.

  • Адамдын укуктарынын жалпы декларациясы (БУУ тарабынан 1948-жылдын 10-декабрында кабыл алынган)

  • Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакт (Нью-Йорк, 1966-жылдын 19-декабры)

  • Адамдын укуктарын жана негизги эркиндиктерин коргоо жөнүндө Конвенция ETS N 005 Рим, 1950-ж 4-ноябрь.

Шайлоо укугунун башаттары – анын негиз берүүчү башталыштары. Негизги башаттары төмөнкүлөр:

  • Жашыруун добуш берүү

  • Жалпы, Баарына тең

  • Тикелей

Шайлоо укугунун жалпылыгы – мамлекеттин жарандарынын мүмкүн болушунча көбүрөөк саны шайлоо укугуна ээ болушу.
Тең шайлоо укугу – КРнын жарандары шайлоого тең негиздерде катышат жана шайлоодо бирдей добуштарга ээ.
Тикелей шайлоо укугу – КРнын жарандары мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз өкүлдөрүн түздөн-түз шайлайт.
Жашыруун добуш берүү – КРде шайлоодо добуш берүү, жарандардын эркин билдирүүлөрүн кандайдыр бир көзөмөлдөө мүмкүндүгүн болтурбайт, жашыруун болуп саналат.
Шайлоого ыктыярдуу түрдө катышуу – жарандарды шайлоого катышууга же катышпоого мажбурлоо максатында, ошондой эле өз эрктерин эркин билдирүүлөрүндө аларга таансир тийгизүүгө эч кимдин укугу жок.
Шайлоонун милдеттүүлүгү жана мезгилдүүлүгү.
Шайлоо укугунун түркүмү – КР шайлоо укугунун институтун түзгөн бирдиктердин айкын түрдө иреттелген көптүгү.


Download 97,05 Kb.

Do'stlaringiz bilan baham:
  1   2   3   4   5




Ma'lumotlar bazasi mualliflik huquqi bilan himoyalangan ©www.hozir.org 2024
ma'muriyatiga murojaat qiling

kiriting | ro'yxatdan o'tish
    Bosh sahifa
юртда тантана
Боғда битган
Бугун юртда
Эшитганлар жилманглар
Эшитмадим деманглар
битган бодомлар
Yangiariq tumani
qitish marakazi
Raqamli texnologiyalar
ilishida muhokamadan
tasdiqqa tavsiya
tavsiya etilgan
iqtisodiyot kafedrasi
steiermarkischen landesregierung
asarlaringizni yuboring
o'zingizning asarlaringizni
Iltimos faqat
faqat o'zingizning
steierm rkischen
landesregierung fachabteilung
rkischen landesregierung
hamshira loyihasi
loyihasi mavsum
faolyatining oqibatlari
asosiy adabiyotlar
fakulteti ahborot
ahborot havfsizligi
havfsizligi kafedrasi
fanidan bo’yicha
fakulteti iqtisodiyot
boshqaruv fakulteti
chiqarishda boshqaruv
ishlab chiqarishda
iqtisodiyot fakultet
multiservis tarmoqlari
fanidan asosiy
Uzbek fanidan
mavzulari potok
asosidagi multiservis
'aliyyil a'ziym
billahil 'aliyyil
illaa billahil
quvvata illaa
falah' deganida
Kompyuter savodxonligi
bo’yicha mustaqil
'alal falah'
Hayya 'alal
'alas soloh
Hayya 'alas
mavsum boyicha


yuklab olish